Сен гүл болуп ачкан,
Нур болуп чачкан ардагымсың.
Түн арзуусун айткан,
Жаркырап жанган айдайымсың.
Кайырма:
Мен тартылам өзүңө,
Бал ширин сөзүңө байлангандай.
Кымбатым, тез эле,
Кыялым сезимге айлангандай.
Сен — таалайым тапкан,
Тагдырым жазган белегимсиң.
Тун сүйүүм арнаган,
Сырдашып баскан медеримсиң.
Кайырма:
Нияз Абдыразаков — Тун сүйүүм тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 386