Асанкалый Керимбаев — Кечиккен махабат тексти

Көчүрүү (скачать)

Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап оюм бөлүнүп.
Кайгыга салып, карындаш,
Мен картайган кезде көрүнүп.

Ууртуңдан күлкүң төгүлүп,
Удургуйт санаа бөлүнүп.
Убайга салдың, карындаш,
Мен улгайган кезде көрүнүп.
Убайга салдың агаңды,
Мен улгайган кезде көрүнүп.

Мекендеп чыкчу кайберен,
Мелжиген бийик жай белең?
Мезгилсиз кезде жолуктуң,
Мен боз жигит кезде кайда элең?
Мээнетиң алып жүрөйүн,
Мен боз жигит кайда элең?

Болумуң толгон ай белең?
Болжошкон бийик жай белең?
Бой тумар сындуу периштем,
Мен боз улан кезде кайда элең?

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1055
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти329
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти199
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти113
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти98
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти65
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти57

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.