Асанкалый Керимбаев — Жалгыздык тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Жар көчкөн өңдүү бүт жерден,
Жан кишим калбай күткөнгө.
Жаралбай койсом негедир,
Жалгыздык башка түшкөндөй.

Баркыңды калың эл көрөт,
Башыңды кара жер көмөт.
Басмайыл тартар иниң жок,
Басынып турсаң тең бөлөр.

Баткан күн аткан таңга маал,
Балдарың калар, жар калар.
Дүңгүрөп турган атың жок,
Дүнүйөң түшкүр, ал калар.

Сөзүмдү ташып алыска,
Сөз кылар кас да калыстай.
Ырларың ыйга айланар,
Айланар достор таанышка.

Жакшы жан элең аялуу,
Жакшыны качан аядың?
Боз шыбак баскан мүрзөңдү,
Боздотуп турар караңгы.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1602
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти309
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти189
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти110
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти74
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти72
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Нурлан Насип - Унута албайм тексти47

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.