Асанкалый Керимбаев — Жаштарга тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе, калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бул жолуң өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс-акыл менен пайдалан.

Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт дейт тулпар тушунда.
Турмушка өчпөс из калтыр.
Туягың бүтүн чагында.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1267
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти324
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти198
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти112
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти97
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти66
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти66
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти57

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.