Датасы: 14.12.2024
Формат: mp3

Жарпым жазып дүйнөнүн
Күн нурун себет
Жаз эңсеген ак куулар
Алыстан келет
Жалгыз гана сен жоксуң
Жоксуң жаркыным
Жалгыз жүрүп өтөбү өмүрүм демек

Жарпым жазып дүйнөнүн
Күн нурун төгөт
Жашыл жаздай сезимге
Кызыл гүл өнөт
Жалгыз сени алтыным
Сынган жүрөгүм
Сени ойлобой койгонго
Канткенде көнөм

Жарпым жазып дүйнөнүн
Күн нурун чачат
Жоогазын гүл жер жарып
Чанагын ачат
Жаз эңсеген ак куудай
Арманым күчөп
Үмүт үзбөй өзүң деп жүрөмүн жашап

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *