Топчубай Айтмаматов — Жаным тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Жан дүйнөмө бүлүк салып чырайы,
Неге мынча сулуу болуп жаралды?
Аппак жүздүү, кара каштуу, олоң чач,
Кымбат болду мага сенин карааның.
Эстеликке түшөлүчү сүрөткө,
Убактыңыз болор бекен мүнөткө?
Уялыңкы, аяр тиктеп турганы,
Эңсөө менен үмүт чачат жүрөккө.
Коюу, калың, кара чачтары,
Кой көз, чийме, кара каштары.
Оймок ооз, аппак жүздүү секелек,
Жарашат го турпатына басканы.
Жан дүйнөмө жагып турат жамалы,
Жанып-күйүп бир көрүүнү самадым.
Жашасам да бул өмүрдө отуз жыл,
Жаным, сендей сулуу көрө албадым.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3983
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти345
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти195
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти171
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти139
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти136
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу102
Жан Сабыров — Жаным сен101
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти100

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.