Бар экен эсте баягы,
Бак чети айыл аягы.
Күн чыга ишке бараттык,
Күч алып шаттык баяны, баяны.
Жылдызы жанса маңдайда.
Жыргабай турган жан кайда.
Демейде бир топ узун жол,
Дегеле кыска мындайда.
Айталбай сырдын түгөлүн,
Ачышып кеетти жүрөгүм.
Кыйылып турдуң мени аяп,
Кылчактап аппак чүрөгүм.
Ишиңе калдың айрылып,
Кызмматка кеттим мен дагы,
Кыскарган жолго кайгырып.
Андан соң көрдүм күзүндө,
Албырып шаык жүзүңдө.
Шаа жетпей турган кез экен
Шак ийип бышкан жүзүмгө
Байкалбай көп эл жайнаган,
Башталды сырлар кайрадан,
Гүлдөткөн сүйүү бутагын,
Гүл турмуш сенден айланам.
Асель Турдалиева — Албырып шаттык жүзүндө тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 865
Жакты
Жакты