Балам сыр алдырбай күлүп сага барам
Аталап эркелейсиң мага садага
Балам жолугууга шашып баратам
Алдыңан чыксаң үн саласың
Атооуу деп садагам
Кайырма:
Көздөрүңө көз болчу
Атаңа жакын күч болчу
Аркаңда кала турчу
Асыл туяк сен болчу
Элиңдин уулу болгун
Жөлөгүм таянарым болгун
Атаңдан асыл туяк сен болчу
Балакайым
Кыткылыктап күлөсүң
Жашоомдун көркүн ачып
Жетелешип ойногон
Күндөр улансын
Мен эңсеген белексиң
Болоюн сенин тирегиң
Калкалап катам канатыма
Баары түгөл кейибегиң