Ашыккан алтын өзүңө,
Айыкпас оору мен болдум.
Арзыган жанды суусатып,
Азапка салган сен болдуң.
Бой салып алтын өзүңө,
Боздогон булбул мен болдум.
Булбулдун алып акылын,
Боздоткон гүлүм сен болдуң.

Көркөмүң артык шайма-шай,
Көрүшсөк деймин байма-бай.
Көп эле эстеп өзүңдү,
Көңүлүм муңун тыйбады ай!
Келишкен мүчөң шайма-шай,
Кезиксек деймин байма-бай.
Керилип кучак жайсаң деп,
Кейишин жүрөк тыйбады ай!

Күлүшүң күндөй жайдагы,
Гүлүңө менмин ашыккан.
Күйүтүм күчөп өзүң деп,
Күнүгө менмин жашыккан.
Гүлүңдөн искеп жүрсөмчү,
Кубушуп-ойноп, күлсөмкү,
Күлгүнүм, ширин жүзүңдөн,
Кучактап кыса сүйсөмчү!

Көрүнө калса карааның,
Көзүмдү албай каламын.
Көксөгөн гүлүм сен болуп,
Көрсөм деп жолуң карадым.
Айчүрөк болуп көлдөгү,
Ак көйнөк кийген сен болсоң.
Арзышкан түгөйүң болуп,
Ак Шумкар сымал мен консом!

Эгемдин жазган жазмышы,
Эрксизден моюн сунамын.
Эркем ай, качан өзүңдүн,
Эшитип үнүң угамын.
Таңдайдан тамган балыңан
Тамшана жутуп дем алсам,
Тагдырдын ушул белегин
Татыктуу болуп мен алсам!

Кай күнү кандай кийинсең,
Кадимдей сага жарашып,
Карасам тойбой көркүңө,
Каламын сөздөн адашып!
Кайыптан бүткөн ышкыңа,
Кадыркеч Жаным, мен ашык!
Кайрылып келсең болбойбу,
Кадырлаш болуп, жанашып

Аскат Жетиген — Кайрылып келсең болбойбу тексти: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *