Тааныбай турасың, эстечи,
Жаштыктан алыстап кетпечи.
Көчөңдөн ышкырып чакырган,
Ошол ким, ким эле, эстечи?..
Кайырма:
Карабай жол узак, көптүгүн,
Кечкурун айылыңа жетчүмүн.
Мен сени үйүңдөн чыкса деп,
Калп эле ышкырып өтчүмүн.
Сен мага жайнаган күн элең,
Сен мага кыпкызыл гүл элең.
Эңсетип жүрөктү чаңкаткан,
Өмүрдө чертилбес күүм элең.
Кайырма:
Айларды, жылдарды чектей жүр,
Жабыркап сарсанаа чекпей жүр.
Көчөңдөн ышкырып чакырган
Жигитти унутпай эстей жүр.
Кайырма:
Асылбек Өзүбеков — Эстей жүр тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 1343