Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Ойноп,ойноп алгыла,
Ойрон калаар бул дүйнө.
Күлүп,күлүп алгыла,
Күмүрөң калаар бул дүйнө.
Кайырма:
Жашыл жоолук дүрдөй жан,
Жаңы ачылган гүлдөй жан.
Кызыл жоолук дүрдөй жан,
Кыз-келиндер гүлдөй жан.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай тепчи келинчек.
Сүйүмкандын селкинчек,
Сүйлөп тепчи келинчек.
Биз болбосок өмүрдө,
Кызыгы жок кыздар ай.
Тамылжыган жүзүңдүн,
Кызылы жок кыздар ай.
Кайырма:
Аксаткындын селкинчек,
Андай теппей мындай теп.
Бурулчанын селкинчек,
Бурбай теппей мындай теп.
Селкилердин колунан
Секин кармап алабыз,
Түн уйкудан ойготуп
Сарсанаага салабыз
Кайырма:
Мага абдан жакты
Эх гулдой жан !
Магадана
Фуу
Фуу эмес сонун во
Сонун
Ото сонун ыр экен
Сүйлөп эмес сүйөп экен
Эн гулдой жан
Ооба
Оа абдан жакты соонун ыр эккн
Сонун
Аябай соонун экен мага жакты
Сонун