Ак маңдай келин мен сага
Арнаймын ушул ырымды
Ар дайым айтам мен сага
Ичимде терең сырымды

Аркаңа салган эки өрүм
Маңдайдан тиктеп бөлүнгөн
Ай чырайлуу нур жүздүү
Адамга сүйкүм көрүнгөн

Айбы Күнбү Чолпонбу
Балбылдап күйгөн эки көз
Адамды тарткан өзүнө
Агай деп айткан сылык сөз




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.