Кырчын кез ырын ырдайлы,
Кыз-кыркын ушак кылбайлы.
Кыялың эңсеп жатканды, ай,
Кылыгың айтып турбайбы.
Арзуунун ырын ырдайлы,
Алганың чатак кылбайбы?
Көңүлүң көксөп жатканын, ай,
Көздөрүң айтып турбайбы, ай.
Кашкая карап сыр салып,
Кадиксиз ойго чыр салып.
Кадыр түн жалгай тургансып, ай,
Калчадың тиктеп мынчалык.
Кылгыра карап сыр салып,
Кыялга бүлүк чыр салып.
Кыйышпас болуп алгансып, ай,
Кызыттың жанды мынчалык,
Кызыттың канды мынчалык,
Кызыттың жандай мынчалык.
Табышар күндөр бүдөмүк,
Тагдырлар башка түбөлүк.
Көрүшпөй кетсек, эсен бол, ай,
Көңүлдө бирге жүрөлү.
Көрүшөр күндөр бүдөмүк
Көңүлгө кызыл гүл өнүп
Кыйналып турам кош эми, ай,
Кыялда бирге жүрөлүк.
Асылбек Өзүбеков — Көздөрүң айтып турбайбы тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 859