Окуучулук кайыгым

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Бек Борбиев окуучулук кайыгым mp3 угуу

Бек Борбиев окуучулук кайыгым тексти

Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
Окуучулук өмүрүм деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап калганмын.

Кайырма:

Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.

Он жыл бирге туздашым,
Классташым, курдашым,
Аман болгун тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжейлерим агайым,
Кеч болсо да рахматым айтайын.

Кайырма:

Бек Борбиев — Окуучулук кайыгым Караоке

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.