Датасы: 23.10.2019
Формат: mp3

Сөзү: Нурлан Насиптики

Обону : Нурлан Насиптики

Бийик, бийик зоолордо,
Ак мөңгүлүү тоолордо,
Ата-бабам, элим жашаган.
Байыртадан элим,
Кылымдарга өчпөй,
Ата Мекен көчүн улаган.
Көк тиреген тоосу,
Мелтиреген суусу,
Көп адамдын көзүн арттырган.

Кайырма:
Берекелүү, ыйык Мекеним,
Ата Мекеним, кыргыз жерим.
Ак калпактуу кыргыз элим,
Алгалай бер, кыргыз элим!
Ата Мекеним!

Душмандардан сактап,
Урпактарга улап,
Манас ата бизди коргогон.
Үч буроосун бурап,
Колго комуз ойноп,
Ата-бабам мурас калтырган.
Көз арттырган жерим,
Көз тийбесин сага,
Көкөлөп өсө бер алдыга!

Кайырма:

Нурлан Насип караоке Кыргызстан

https://youtu.be/xU-y0VtNDwc

Нурлан Насип — Кыргызстан тексти: 18 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *