Күн сайын бир ирет кирет түшүмө,
Тообашын жапкан тунук кар.
Тоолорго салам айта бар,
Токтобой сызган, сызган булуттар.
Чагылган асман, асман нуруңан,
Чалкыган, ыйык, ыйык көлүң бар.
Көлөкө түшпөс турума да,
Көөнөрбөс менде, менде көңүл бар.
Жайнадым сенин, сенин койнуңдан,
Жаздагы жашыл, жашыл көктөмдөй.
Кеттиби жаштык бир келип,
Чагыл жанып, жанып өчкөндөй.
Сагынып жүрөк, жүрөк талааны,
Өчтү деп өңдүн, өңдүн жамалы.
Ала бар элге ырымды сен,
Ааламдын эрке, эрке шамаалы.
Асылбек Өзүбеков — Сагыныч тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 1644
Издеп жүргөн ырымды тапты да рахмат