Күз келип, салкын тартып а бул тарап,
Келгиндер келген жакка кайтып барат.
Каз-өрдөк каркылдашып туулган жерге,
Кылчактап “кош-кош” сөзүн айтып барат.
Асманга чаң түшүрүп ал бир замат,
Капыстан “тарс” эткен үн кулак жарат.
Каркылдап аянычтуу үн чыгарып,
Салбырап жалгыз ак куу кулап барат.
Куш эркин бийлеп алган жараат күчпү,
Калдактап көк деңизге кулап түштү.
Алдынан атырылып тосуп алды,
Ак толкун аласалып абдан күчтүү.
Топ ак куу бир карарып, бир агарат,
Жаралуу жан талашып көрүп барат.
Жете албай максатына жерди чапчып,
Өзүнчө туталанып өлүп барат.
Антсе да алыс жактан көзүн албай,
Жетем деп, учамын деп өзүн алдай.
Канчалык кайратына келген менен,
Өмүрү өчүп барат кыйган талдай.
Караан жок карай салса курап күчтү,
Максаты эски тамдай урап түштү.
Деңизге узун бойлуу бир чабылып,
Көзүнөн эки мончок кулап түштү…
Кулап түштү… кулап түштү…
Асылбек Өзүбеков — Жаралуу ак куу тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 5376
Денизге узун мойуну болмок негизи
Абдан жакты ката жок