Ат  шалбаада оттоп турган. Ага чиркей учуп келди. Ат аны байкабады эле, чиркей дыңылдап мындай деди:

— Ат, мен учуп келдим, көрбөй турасыңбы?

— Эми көрдүм,- деди ат.

Чиркей аттын зор тулку-боюн: куйругун, соорусун, моюнун, туяктарын, эки кулагын кезектештире карады. Карады да өзүнүн чиркейлик башын чайкады:

— Чынында эле зор экенсиң тууганым!

— Ооба, чынында эле кичинекей эмесмин,- деп ылаалаган жылкы жалдуу башын ийкеңдетти.

— Мен сенден миң- миң эсе кичине экенмин.

— Кичинесиң, кичинесиң!

— Баардыгына күчүң жетеби?

— Жетет, жетет!

— Бүт  чымындар биригип келсе да алдары жетпейби?

— Жетпейт!

— Ал тургай аарылардын да алы жетпейби?

— Алардын да алы жетпейт.

— Көгөндөр да багындыра алышпайбы?

— Көгөндөр дагы!

Аттын мындай күчтүүлүгү чиркейге жакты. “Мен андан дагы күчтүүмүн”- деген ойго келген чиркей далысын күйшөп койду.

— Сен ушунчалык чоң болсоң да биз сенден күчтүүбүз. Жинибиз келип ызылдай каптап кирсек, чолоо жериң калбайт. Биз сени жеңе алабыз.

— Жеңе албайсыңар!- ишенимдүү түрдө айтты ат.

— Жеңсе жеңип койобуз!- деди чиркей.

— Жок, жеңе албайсыңар!

Ушинтип алар бир саат, эки саат талашышты. Эч кимиси жеңилгиси келген жок. Ошондо ат мындай деди:

— Талашты токтотуп күч сынашалы.

— Сынашса сынашалы,- сүйүнүп кетти чиркей. Ал аттын үстүнө көтөрүлүп чыгып ызылдакты салып чиркейлерди чакырды:

— Эй чиркей журту, мында келгиле!

Аңгыча кара тумандай чиркейлер каптап кирди эле, боз ат кара атка айланды. Бирок ат да жөн турбай жата калып күлгө оонады эле  ага конгон чиркейлердин көбү кырылып, бир-эки чиркей гана аман калып, ызылдап учуп мындайча мактанып жүрүштү:

— Аттын төрт аягын асманга каратып жыктык, жал көкүлдүү башын күлгө тыктык. Кап, төрт жоокерибиз гана калып калды, болбосо биз мунун терисин тетири сыйрымакпыз. Анда эмесе төртөөңөр төрт жакты карай учуп, улуу жеңишти сүйүнчүлөгүлө.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Кыска жана күлкүлүү жомоктор82
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)74
Ким күчтүү23
Аяз менен коён8
Жетим менен сыйкырчы жомок8
Алданган карышкыр жомок6
Карышкыр жана жети улак6
Колундагынын баркын билүү - Кемедеги сапар6
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ6
Акылдуу балдар5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *