Атам кызык киши эле

Атам кызык киши эле 3

Атам айына эки жолу базарчылап, шаарга барып келер эле. Шаар алыс болгондуктан, бир күн мурда кетип, эртеси кечинде келчү. Бир жолу бал челекчи Иван деген таа-
нышы жолугуп калып, атамды үйүнө алып барат. Анын үйүндө түнөмөк болот. Кечки тамакка отурушкан кезде «жарк» деп чырак күйөт! Караса жумурткадай бир нерсе шыпта илинип туруптур.

Атам сурайт:
‒ Иван, бул эмне?
‒ Чырак.
‒ Буга кантип керосин куясың?

‒ Бул керосинсиз, молдосуз, ко-
жосуз эле өзү күйөт. Биз жаткан кезде өчүп калат. Керек болсо кай-
ра күйөт.

Атам таң калат. Иван аялына:

‒ Муну бир таң калтыралы. Буга билдирбей өчүрүп, күй-
гүзүп тур, ‒ дейт.

Баары жатышат. Чырак өзүнчө эле өчүп калат. Атам аң-
таң болот. Таңга жуук сыртка чыкканы ордунан турат. Чы-
рак өзүнчө шарт күйөт. Сыртта да жарык. Жакасын кар-
майт. Үйгө кирип жатат. Чырак өчөт. Бирок атамдан уйку ка-
чат. Үй ээлери уйкуда. Ары ойлонуп, бери ойлонуп жатат

да, акырын ордунан турат. Бычагын кынынан сууруп, лам-
почканы кесип алат… Эрте туруп чыгып кетет.

Кеч бешимде атын кара терге түшүрүп үйгө келди. Бир

чылбырды алып, лампочканын жибин ага улаштыра бай-
лады. Боз үйдүн түндүгүнө илип койду. Бир козуну союп, ко-
шуналарды чакырды:

‒ Эл-журт, силер укмушту көрө элексиңер! Мына, эми
мен көрсөтөм! Тиги жумурткадай немени көрдүңөрбү? Ал
күн батары менен өзү күйөт.

Күн батты. Чырак күйбөйт. Эл жатар убакыт болду. Чы-
рак күйбөйт. Атамдын кабагы кара түндөн бетер караңгы…

Келгендер болсо күлүп жатышты. Этти болсо жеп кетишти.
Мына ушундай болчу мындан бир нече жылдар мурда
мен көргөн турмуш!

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •