Датасы: 07.04.2024
Формат: mp3

Кабак бүркөлүп
Качып чүмкөнүп
Беш мүнөттө калдың түнөрүп
Кашың түйүлүп
Келбей жүгүрүп
Келише албай бир топ жүдөдүк

А болду таарынба
Баары жайында
Чоң кемчилик койдум кетирип
Кабакты түйбөй
Кайгыны үйбөй
Карлыгачым койчу кечирип

Кайырма:

Мурдуң мурчуюп
Бетиң бултуюп
Шайыр күлкүң капыс жоголду
Уксун күлсүн деп
Күлүп жүрсүн деп
Сага арнадым ушул обонду

Болду таарынбачы
Баары жайында
Бир касякты алдым кетирип
Кабакты түйбөй
Кайгыны үйбөй
Карлыгачым койчу кечирип

Болду таарынба
Баары жайында
Кемчиликта алдым окшойт кетирип
Кабакты түйбөй
Кайгыны үйбөй
Каадалуу сүйлөй
Карлыгачым койчу кечирип

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *