Датасы: 01.06.2024
Формат: mp3

Бул дүйнөдө эң кымбат энемсиң

Кайда жүрсөм көз алдымда элесиң

Ак дилимден ак сүтүмдү актаар деп

Балаң үчүн өмүр арнап келесиң

Кайырма

Энекем сизди мен сыйлаймын

Энекем энекем сиз үчүн ырдаймын

Энекебай кылган ишиң теңдешсиз

Бир мен үчүн бардыгына белексиз

Балаң үчүн түн ортосун миң бөлгөн

Эң кымбатым эң ыйыгым энемсиз

Мага берген ак сүтүңдү актаймын

Өзүң айткан ак жолумдан жазбаймын

Кары сөзүн капка салгын дегендей

Акыл сөзүң жүрөккө бек сактаймын

Кайырма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *