Датасы: 17.07.2024
Формат: mp3

Бүгүн кирди түшкө айылым

Ал айылдын көркү кайыны

Менин айылым

Ал менин байлыгым

Ат чабып күндө ойногон

Эх жаштык такыр тойбогон

Артты карап эми ойлоном

Бала элек оңбогон

Эсимде досум

Мектеп четте көк өрүк

Бирде чоогу ойноп

Бирде сени менен бөлүп

Кеч киргенче таң атканча

Жүргөн кездер күндөлүк

Сабактардан качып ойноп

Эртеси биз сүрдөнүп

Эсимде досум

Чана тепкен тоо боору

Ал жерден калган

Бул так менде колдогу

Убакыттын ийилгендей

Чана тепкен жолдору

Келет азыр жаш балача

Жаш балача ойногум

Айылым менин айылым

Сагындым сени сени айылым

Кайырма

Айылдан кетсем да айыл менден кетпейт

Айылдагы тоолорго имараттар жетпейт

Ало досум бара жатам аз калды буйруса

Жаштыкты жалгыз убакытың чектейт

Билсең эгер досум

Айылды мен сагындым

Ырдай берем созуп

Кооздугун айылдын

Сагындым мен ал кездеги

Сууга түшкөн жайынды

Эске келет атакемдин

Берген мага тарбиясы

Жүрөгүмдө апакемдин

Мээрим төккөн жануясы

Кучагыңда бекем жүргөн

Достор менен сен турасың

Мен айылдык карапайым

Кимдер келип ким сурасын

Кайырма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *