Датасы: 22.10.2020
Формат: mp3

Айылдашым сулуу Айганыш,
Ай, жылдыздай көктө жайнаңыз.
Башка айылга ыраа көрө албай,
Баарыбыздын кетти айлабыз.
Кайырма:
Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш,
Жаш жүрөгүм сага байланыш.
Адат болду күндө кечинде,
Айганыштын үйүн айланыш.
Таш ыргытсам такыр тоготпой,
Кирешеңер такыр жолотпой.
Апаң чыгат сенин ордуңа,
Чоң таягын кармап колуна.
Басамын деп үйүң айланып,
Байкеңе да калдым кармалып.
Огородго сууга келдим деп,
Алдап койдум аны жайгарып.

Один комментарий к “Аваз Акимов — Айганыш тексти”

  1. Айганыштын уйун айланыш дегендей кийин болду сага кайдан байланыш деген жери жок.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *