Өзгөчө бир кыз көрдүм өмүрдүн кемесинен
Күн чыгып күүгүм кирет сыйкырдуу элесинен
Ал жылмайса күн жылмайат
Кайгырса күн кайгырат
Кайырма:
Сөздөрү бар бал тамат
Көздөрү балбыл жанат
Махабатым жанданат анткени ал меники ал
Кайырма:
Сезимим жашыра албай
Сууктанып карай берем
Жанашып кыялымда
Өзүмдү алдай берем
Сен жылмайсаң күн жылмайат
Кайгырсаң түн кайгырат