Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Жүрөгүм арзып, сүйсөм деймин,
Махабат балын татып,
Жүрсөңчү сүйүүгө балкып.
Издеп мен келемин, көрсөм деймин.
Карагат мөлтүр көзүңдү,
Жылдыздуу сүйкүм жүзүңдү.
Кайырма:
Издеймин, таппаймын,
Кайдасың ардагым?
Кыялымда менин, жалжалым.
Сүйсөм деп көзүңдү,
Арнап жүрөгүмдү,
Кыялымда секем бир өзүңдү.
Сезимим жанбай, өзүмдү алдай,
Жүрөмүн сени таппай,
Кайдасың жаным, эркем, ай?
Сүйүүмдү тапсам дейм, издеп жүрөм,
Зарыгып эңсеп мен күткөн,
Жаралган бул өмүрдөн.
Кайырма:
Издедим, таппадым,
Кайдасың ардагым?
Кыялымда менин жалжалым.
Сүйсөм деп көзүңдү,
Арнап жүрөгүмдү,
Кыялымдагы секем бир өзүңдү.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *