Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Балыктар суу ичинде ойнойт экен
Апага таарынганга болбойт экен
Башкалар мээрим төгүп турса дагы
Баары бир өз апаңдай болбойт экен

Булбулдар бак ичинде сайрайт экен
Тууганга таарынганга болбойт экен
Башкалар сени сыйлап турса дагы
Баары бир бир туугандай болбойт экен

Ак куулар суу үстүндө ойнойт экен
Баладай таттуу сезим болбойт экен
Ак сарай базар болуп турса дагы
Жолуңду улаганда өзүңдү сыйлаган да балаң экен

Зыркырап боздой бербес сезимдерим
Сыноого түшүү канча эзилбейин
Сыйласын сыйлабасын башка бирөө
Сыйымды билгендерди сыйлашып жүргөндөрдүн эсиндемин
Кааласын каалабасын башка бирөө
Кадырын билгендердин катташып жүргөндөрдүн эсиндемин

/

Азамат Шамшиев — Апага таарынганга болбойт экен тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *