Датасы: 08.04.2024
Формат: mp3

Кыска кылды кудайым өмүрүңдү
Таштап кетиң асыл затым өзүмдү
Ыйласамда кайгырсамда келбейсиң
Эстей берем ширин назик сөзүңдү
Тирүүңдө кадырыңа жетпедим
Ооруп жатың кабар алып келбедим
Жашоомдун жанган отун экенсиң
Бүгүн мына кадырыңды сезгеним

Издеп келем жер кыдырып
Көздөрүмдөн жаштарым агып
Келбес жака кеткен экенсиң
Таппай келем шагым сынып

Жакшы жашоо сүрүп келдим сени менен
Көңүлүмсүз жашайм да эми мен
Бейитиңе барсамда күнүгө
Жоксуң эми келбейсиңда эми сен
Адам заты ушул экен баары бир күн
Тирүүңдө сыйлай билгиң ошон үчүн
Өткөн соң ыйлабагың кайгырып
Баркын билгиң тирүүңдө баарысын

Издеп келем жер кыдырып
Көздөрүмдөн жаштарым агып
Келбес жакка кеткен экенсиң
Таппай келем шагым сынып
Издеп келем жер кыдырып
Көздөрүмдөн жаштарым агып
Издеп келем жер кыдырып
Көздөрүмдөн жаштарым агып
Келбес жакка кеткен экенсиң
Таппай келем шагым сынып
Келбес жакка кеткен экенсиң
Таппай келем шагым сынып

Азамат Токтокадыров — Издеп келем тексти: 12 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *