Датасы: 28.02.2025
Формат: mp3

Сендик ой мага жалгаса нечен
Санаалар менен кармаша кетем
Сезимдер кыйнап, сездирбей ыйлап
Сыркоолуу болуп калбасам экен
Сезимдер кыйнап, сездирбей ыйлап
Сыркоолуу болуп калбасам экен
Калбасам экен

Уктаарда жатып, ойлоном эчен
Уктасам чоочуп, ойгоно кетем
Онтолоп жетпей, оюмдан кетпей
Оорукчан кылып койбосон экен
Онтолоп жетпей, оюмдан кетпей
Оорукчан кылып койбосон экен
Койбосон экен

Басылсам эгер, жук толуп желкем
Бакырып алам, бук болуп эркем
Карайлап шордуу калбасам болду
Айыкпас дартка туш болуп эртен!
Карайлап шордуу калбасам болду
Айыкпас дартка туш болуп эртен!
Туш болуп эртең
Карайлап шордуу калбасам болду
Айыкпас дартка туш болуп эртен!
Туш болуп эртен!
Карайлап шордуу калбасам болду
Айыкпас дартка туш болуп эртең

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *