Илгери-илгери өткөн бир заманда, жетим бала болгон экен. Байкуш жетим көрбөгөндү көрүп, укпаганды угуп, денесине тийбеген таяк калбай, ачкалыктын айынан уурдап жалабаган аяк калбай, бир сындырым нан үчүн бирөөнүн чөбүн чаап, бирөөнүн көңүн чаап, бирөөнүн малын багып, уюн саап жанын багып жүрүп, акыры эр жетип чоңоёт.

Эл ичинде миң түрдүү пенде бар эмеспи, бири зулум, бири таш боор, бири ак көңүл, бири боорукер. Жетимди кичинесинен бери көрүп, колунун келишинче көңүл бөлүп, ага боор ооруп жүрчү куудай сакалы бар, оозунда куюлуштуруп сүйлөчү макалы бар алыс тууганы, жетимдин сообуна калды: ага өзүнө окшогон томолой бир жетим кызды издеп жүрүп баш коштурду.

Ошентип күндөр күнгө, айлар айга, жылдар жылга алмашат, жер бетин бирде жашыл тулаң, бирде аппак кар басат. Баягы жетимдин аялы чууртуп жылда төрөйт, бешиктен бирин чечсе бирин бөлөйт. Биринен бири кичинекей балдары жабырап, ичейин десе ичерине тамак жетпей, киейин десе кийерине кийим жетпейт.

Жайы-кышы жылаңайлак жылаңкөт, мурдуларынан маңкаларын салаңдатып, жуулбаган бетиндеги күнөөсүз көздөрүн алаңдатып, кара алачык чуулдаган чууга толот, ызылдаган ыйга толот.

Ар кимге жалданып тапкан оокаты ылдый тартса бутуна, өйдө тартса башына жетпейт. Балдары көбөйүп өсүп, түйшүгү төбөсүнөн тебелеп, турмуш жүгү желкесинен ныгыра баскан сайын, аялынын тили да кошо өсүп, аймакта жок ажаан катынга айланат.

Айлардын бир айында, күндөрдүн бир күнүндө чарчап-чаалыкан неме айыл четинде алган отунуна жөлөнүп отура кетет. Үйүндө күтүп турган курсактары эч качан тойбогон, жарым-жылаңач балдарынын ыйын, болор болбос шылтоо болсо ачууланып, ачуусун балдары менен эринен чыгарган аялынын заар тилин, жаш кезинен бери көрүп келаткан муңун ойлоп капа болот.

Жүрөгүнө ыза толуп буулугуп, кулагында күндө болчу чууну угуп, заарканып үйүнө баргысы келбей, жашоо көрбөсө элдей, көп чайналбай өлүп алууну чечет.

Оюн ишке ашырмакка ылайыктуу, асылганга бутагы бекем карт дарак же агып өлгөнгө агыны катуу суу издеп тегерегине көз чаптырат. Көзүнө жардын кырына жакын жердеги терең чуңкур урунат. Караса, баягы чуңкурдун дегеле түбү жоктой, ыргыткан таш бир топто барып жок болот үнү чыкпай. Мына эми, издегеним табылды, кыяйын эми жанымды деп ойлоп, балтасын отунуна жөлөп, чуңкурдун кырына келет. Мына секирем дегенде кулагына бир шыбыр угулат: “Эй, келесоо, өзүң өлгөнчө аялыңды алдап ээрчитип кел. Чуңкурга ошону түртүп жибер. Ачууга алдырба, сенин жакшы жашооң али алдыда”.

Ал үн балким өзүнүн ичинен чыгып жаттыбы же жетимди сактап жүргөн периштелери айттыбы, көп деле этибарга алып талдаган жок. Айтса айтпаса төгүнбү, өзүмө таап жаткан экемин да көрүмдү, чынында эле өзүм өлгүчө ажаан аялдан кутулганым жеңилби деп ойлонуп, келе түштү эсине. Кой, аялымды алып келейин деген чечимге келди. Үйүнө жетип аялын сыртка чакырып, кулагына акырын шыбырады:

– Бизге кудай берди ардагым, отун терип келатсам, ат башындай алтын таап алганым. Ал кана деп сураба, эл көрбөсүн деп аны албадым, айылдын четиндеги терең чуңкурга бекитип салгамын. Кечинде эл жатканда барып экөөлөп алып келип алалы, кудай буйурса, турмушубуз оңолуп, мындан ары эл сыяктуу багам катын-баланы. Кечке чейин эч кимге ал жөнүндө эч кимге айтпа, оозуң ачык жан элең, чыдап, бул сырды бекем сакта. Андан көрө алтынды салып келгенге капты камда алтынды саларга, чуңкурдун түбүнө жетчү узун аркан даярда”, — дейт.

Аны уккан акылсыз зайып, кыялданып, санаасы менен байып, кечти чыдамсыздык менен күттү. Андайда убакыт да өтпөй калат эмеспи, күндүн батышын, элдин жатышын күтүп, акыры убакыт жетип, камдап койгон кыл арканын кабына салып баягы чуңкурдун кырына жетишти барып.

– Эми мен түшсөм сен кайра мени тартканга керек чоң күч, андыктан сен түш. Түбүнө жеткенде белиңдеги арканды чеч, ал жерден алтынды издеп табасың буйдалбай эч. Капка салып, арканга байла алтынды. Белги бер, а дегенде капты, анан сени тартып аламын,”- дейт эри.

Алтынга тез эле жетсем деген ач көз аял тез эле алданып, арканды белине байланып чуңкурга түштү камданып. Аял белиндеги арканды чечээр замат күйөөсү арканын белине түрүнүп:

— Оо, кудай бул аялдан чын эле кутулдумбу, — деп кудуңдап, үйүнө жөнөдү сүйүнүп.

Ал түнү кемирген аялы жок, мемиреп тынч уктаганын айтпа. Минтип уктай элек болчу, келгиче ушул жашка. Анан балээнин баары башталды таң менен. Биринен бири кичинекей ач-жылаңач балдары четинен ойгонуп, бири эмчек сурады оозу ормоюп. Бири шымына чычса, үчүнчүсү төртүнчүсүн төбөгө кашык менен уруп ыйлатып, бешинчиси күйүп жаткан отко жыгылып, казан аякты кыйратып, алтынчысы менен жетинчиси күрөштү, айтор атасынын айласын түгөттү.

Үй оокаты оңойбу, бирин кылса бири калып дегендей, чамасы калбай калат, олтуруп тамак жегендей. Ошентип алпурушуп жатып эки күндөн кийин эле мурдунан суусу куюлуп, тирүүлөй тозокко түшкөндөй туюлуп, бутун тарталбай, сүйлөмөк тургай, бир сөзүн тыңгылыктуу айталбай суй жыгылды.

Тамак кылса тузу жок же бир кылган тыңгылыктуу иши жок жүдөгөнүн айтпа. Ошондо бечара аялынын тили жөн жеринен эле узарбаганын түшүндү, ойлонуп отуруп чыгарды ушундай бүтүмдү. «Кой, мындан көрө өзүм өлүп тынайын, барып аялым аман болсо алып чыгайын”, — деп арканын алып баягы чуңкурдун кырына келип, аялынын атын айтып кыйкырып, аркандын учун түшүрдү.

Арканга жабышкан аялын эптеп тартып чыгарса эле, кудай бетин салбасын, аялынын ордуна алты баштуу ажыдаар жармашып чыкса болобу. Жүрөгү оозуна тыгылып кача турган болгондо ажыдаар адамча сүйлөп жигиттин алдын тороду.

— Ай жигит, качпай коё тур, а дегенде сөзүмдү ук. Мен да кудай жараткан кул элем, кудайдын буйругу менен миң жылда бир түрүмдү өзгөртүп жашаган жиндин бири элем. Менин ушул чуңкурга кирип уктап жатканыма 999 жыл 97 күн болду. Үч күндөн кийин ажыдаар кебетемден кутулуп, адам кебетесин алмакмын. Кечээ күндөн бери бир ажаан аял пайда болду кайдан жайдан, тынч уйкумду бузуп, кетти амал-айлам.

Жарык дүйнөдө жашасам да миңдеген, мындай ажаанды дегеле укпагам да көрбөгөм. Ушундай уу тилдүү аял болот деп миң жылдап уктасам да түшүмө кирбеген. Андан кантип кутулушту билбей аргам кетип турганда сен жардамга келдиң. Сага миң мертебе ыраазымын, каалаган тилегиңди айт, орундатып берейин сага окшогон шердин.

— Ошол аял менин аялым. Уу тилине чыдабай ушул чуңкурга алдап салгамын. Аны куткарып, үйгө кайтарбасам андагы азапка салды андагы балдарым, — деп оор турмушун баяндап, төгүп туруп арманын, түшүндүрдү өзү кандайча бул жерге келип калганын.

— Анда эмесе сен жакшылап ук мени, ушул азаптан куткардың сен мени. Жакшылыкка жакшылык кылайын, мен дагы сени азаптуу турмушуңдан куткарып чыгайын. Сен алиги аялды чыгара көрбө, ал катындын орду терең көрдө. Силердин падышаңардын ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу кызы бар.

Мен барып ошол кызды бекем кысып оролом белден. Айласы кеткен хан акылмандарын чогултуп кызын кантип куткарыштын жолун издейт элден. Бирок айлалары түгөнөт мени кубалай алышпай. Ошондо хан кызымды ким куткарса жарым хандыгыма кошуп, кызымды берем деп жар салат. Дал ошондо сен да барасың элден калышпай. Дуба окуган болосуң түр көрсөтүп нечен. Ошондо мен кызды бошотуп ал жерден кетем. Сен ханга күйөө бала болуп жыргап куунап жашап каласың, нечен жылдар таппаган бактыңды табасың. Андан кийин мен кошуна хандын кызына барып оролом. Хан кутулуштун амалын издеп таба албай кыйналат, ажыдаардан кызын белден орогон.

Элине жар салат, жарчылары чапкылайт ары-бери сабалап. Эл болгондон кийин сенин кабарың билинет ханга. Эскертерим, ал жакка такыр барба. Себеби, быйыл адам кебетесин киемин кайра, ал кызды кудайым буйурган мага. Ал кыз жубай болот өзүмө, эгер шартты бузуп бара турган болсоң көрүнүп көзүмө, анда өз убалың өзүңө. Ошол жерден тирүүлөй жутуп саламын, миң аракет кылсаң да таба албассың ажалдан кутулуунун амалын, — дейт.

Ошону менен жигит ажыдаарга убада берип калтырап, аялын чуңкурда калтырат. Көп өтпөй эле шумдуктуу кабар тарады элге, хандын сулуу кызын чыркырап, ажыдаар оролуптур белге. Ажыдаардан кутулушту биле албайт эч бир пенде. Айласы кеткен хан жар салат:

– Кимде ким ажыдаардан куткарса кызымды, күйөө бала болот, бөлүшүп жеген тузумду. Жарым хандыгымды берем дароо бөлүп, келип куткара албаса, башын кесем, денесинен бөлүп.

Ошол кезде баягы биздин жигит чыкты алдыга:

— Ал ажыдаардан мен куткарам, — деди сүрдөгөндөн кардыга.

— Эгерде куткара албай калсаң башың кетерин билесиңби?

— Ооба, мен бардык шартыңызга макулмун, сиз да кийин убадаңызга туруңуз, эгер шартты бузсаңыз, бир дубамды окусам кайтып келет мунуңуз, — деп эскертип, жигит ажыдаар белине чырмалышып оролгон кыздын жанына отура калып дубасын окуйт, ажыдаар калп эле жигиттен чочуйт. Кызды кучагынан бошотуп, көздөн кайым болот заматта.

Хан кызынын балээден кутулганына сүйүнүп, убадасын бузгандан коркуп, кызын жигитке алып берип, той өткөзөт беш апта, күн артынан күн, ай артынан ай өтүп жыл жаңырат. Ажаан аялын да, алты баштуу ажыдаарды да унутуп, хандын кызы менен ырдап-чардап, мезгилдер өтөт зымырап, бир күнү эле кошуна хандын кызынын белине баягы ажыдаар оролуп, андан кутула албай жатыптыр деген кабар угулат.

Хан сүйүктүү кызын ажыдаардан кутула албай айласы кетет. Көп өтпөй эле былтыркы кошуна хандын кызы менен болгон окуя ханга жетет. Хан желдеттерин жигитке жиберет. Бөрк ал десе баш алган хандын желдеттери келип:

— Ал ажыдаардан сен гана куткара алат экенсиң, барып ханыбыздын кызын бошотсоң каалаган сыйыңды көрөсүң, барбасаң башыңды алабыз, азыр ушул жерде өлөсүң, — дешет.

Ажыдаар менен болгон убада эсине түшкөн жигиттин айласы кетет: барса ажыдаар өлтүрөт, барбаса желдеттер өлтүрөт. Мейли, ушул жерден башыман ажыраганча бара көрөйүн, бир айла табылып калар, табылбаса жок дегенде бир күн болсо да жашап, кечирээк өлөйүн, — деп ойлогон жигит желдеттер менен жөнөдү.

Ажыдаар жигитти көрүп, убаданы бузганына ачууланып чамынат, оп тартып соруп алууга камынат. Жигиттин оюна кылт деп бир ой келип, ажыдаардын кулагына бир нерсе шыбырайт, аны уккан ажыдаардын алты башындагы көздөрү алаңдап, алты аягы тыбырайт. Шаша-буша кызды бошотот, көздөн кайым болот. Көрсө жигит тигинин кулагына:

— Баягы менин ажаан катыным чуңкурдан чыгыптыр эптеп. Экөөбүз өч алмакчы болуп келиптир издеп, кетире албадым кубалап кет деп. Ал эми жатат артымда сени таап бер деп, — деген экен.

Ал аялдын эки эле күндүк заар тилине ууккан ажыдаар кайрадан жолуккандан коркуп аялга тили заар, «эми анын айласын өзүң билип, мени аралаштыра көрбө жигит», — деп шашкалактап жолуна түшүптүр.

Жигит ажалдан калып, экинчи хандын кызын да алып жыргап-куунап жашап, карыган экен. Ошол замандан бери эл ичинде “Ажаан аялдан ажыдаар качып кутулуптур”, — деген ылакап сөз айтылып калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *