Датасы: 09.10.2020
Формат: mp3

Жаралып бир мен үчүн
Жүрөктө сырым болдуң
Канчалык жазсам дагы
Бүтпөгөн ырым болдуң
Көрбөсөм көңүл дегдеп
Чарчасам кубатымсың
Өзүңсүз бул жашоонун
Кунарсыз болору чын

Эркелеп эс аламын
Эң назик сөздөрүңдөн
Кубантып кубат алам
Кумарлуу көздөрүңдөн
Бөксөрүп баратканда
Кайрадан толуп турам
Тагдырга ыраазымын
Өзүңө жолуктурган

Жаштыктын жалынысың
Жашоомдун жарыгысың
Жан дүйнөм ооруганда
Дарынын аныгысың
Көзүмдүн карегисиң
Көңүлдүн данегисиң
Теңирдин теңдеши жок
Арнаган белегисиң

Азиза — Түгөйүмө тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *