Датасы: 28.02.2025
Формат: mp3

Унуткун унутамын мен дагы түбөлүк
Түшүнүп сезимдерди сүйүлүп жүрбөдүк
Сүйүүгө ишенбеген сезимди таштап коюп
Мамиле нугун билбей биз канча жүдөдүк

Сен түшүнбөдүң махабат соолуганын
Токтоттум мен жаңы эле жүрөктүн оолукканын
Себепсиз угуп алып махабат музыкасын
Баратам Бишкегимдин ак шамдуу жолун басып

Сен күтүлбөгөн бактылуу мезгилимде
Бүлүктү салып койдуң жол табып кетериңде
Кетүүлөр жеңил болсо табышуу керек неге
Көңүлгө албагам эч тагдырга жазбайт десе

Кайырма:
Унуткун унутамын мен дагы түбөлүк
Түшүнүп сезимдерди сүйүлүп жүрбөдүк
Сүйүүгө ишенбеген сезимди таштап коюп
Мамиле нугун билбей биз канча жүдөдүк

Таң менен атып кетчү эле сүйлөшүбүз
Көп сырым калды эми токтолуп үндөшүбүз
Мончоктой көздөрүңө толкундап чөмүлчүмүн
Бул адат уланат деп ал кезде сүйүнчүмүн

Жол эки тарап параллель багыт менен
Тандоолор сенде менде жаңылбаш керек деген
Жакшынын жазы болот кадырын билгин деген
Арманды бакытты да тандоо жол берет билем

Кайырма:
Унуткун унутамын мен дагы түбөлүк
Түшүнүп сезимдерди сүйүлүп жүрбөдүк
Сүйүүгө ишенбеген сезимди таштап коюп
Мамиле нугун билбей биз канча жүдөдүк

Унуткун унутамын мен дагы түбөлүк
Түшүнүп сезимдерди сүйүлүп жүрбөдүк
Сүйүүгө ишенбеген сезимди таштап коюп
Мамиле нугун билбей биз канча жүдөдүк

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *