Датасы: 10.08.2024
Формат: mp3

Толгон өмүр жазы болуп турганың,

Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым.

Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп,

Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.

Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,

Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.

Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,

Жаштык кечтин салтанаты — бульварым.

Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,

Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым.

Сергектентип кары-жашка дем берген,

Сүйүү толгон сулуу көчөм — бульварым.

Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,

Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *