Датасы: 04.04.2024
Формат: mp3

Ырдаса булбул ашыгын
Ыргалат гүлдор акырын
Сен болдун жанга жакыным ай
Сездирип дүйно асылын
Асылым менин асылым

Кайырма:

Күн кармап алган түшүмдөй
Күтүлбой келчи күтүлбөй
Биз үчүн дүйнө жаралып
Биз менен дүйнө бүтүндөй
Күтүлбөй келчи күтүлбөй

Ойлобой өмүр жалганын
От болуп жанып алгамын
Өчүрбөй ошол сезимди ай
Өзүңө келет арнагым
Ардагым менин ардагым

Кайырма

Ай жылдыз болуп сырдашым
Ашыктык ырын тындасын
Түнөгөн болбойт жалгыздык ай
Жүрөгүм сен деп ырдасын
Кымбатым менин кымбатым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *