«Бакытты акчага сатып ала албайсын»

Өткөн бир заманда бир падыша ооруп калат экен. Аны белгилүү, таанымал көптөгөн доктурлар жана табыптар текшериптир. Бирок алар дагы падышанын оорусуна даба таба алышпай коюшат. Батыраак айыккысы келген падыша дүйнө жүзүндөгү табыптардын жана доктурлардын баарына жар салып:

— Эгерде ким мени айыктырса, анда мен ага байлыгымдын жарымын берем, — деп сөз берет.

Бул жарлыкты уккан билимдүү доктурлар, табыптар падышаны айыктыруу үчүн ар кандай жолдорду издей башташат.

Бир күнү бир аалым падышанын астына келип:

— Улуу урматтуу падышам, эгерде бактылуу бир адам таап, анан анын үстүндөгү көйнөгүн кийсениз жакшы болуп кетесиз,-дейт.

Падыша бул аалымдан айтканын угат да, кызматчыларына бактылуу адамды таап келүүсун буюрат. Падышанын адамдары жер кезип буйрукту аткаруу учун бактылуу адамды издөөгө чыгышат. Бирок эч бир жерден бактылуу адамды таба албай коюшат.

Алар жолуккан адамдардын кээ бирөөлөрү бай бирок, ден соолугу начар болушат. Алар дагы ден соолугу тууралуу даттанышат. Кээ бирөөсүнүн дагы башка маселеси болуп, ал кыйынчылыктарын айтып арызданышат.

Мына ушинтип кызматчылар эч кимди таппай сарайга кайтып бара жаткан кезде бир үйдөн:

— Oxx! Кудайыма шүгүр! Иштеримди бүтүрдүм. Курсагымды да тойгуздум. Ден соолугум өз ордунда. Баары өз ордунда, ушул мага жетиштүү. Мен бактылуумун!- деп айтып жатканын угуп калышат.

Кызматчыларынын башында турган башчысы:

— Дароо ушул үйгө киргиле да, бул үйдөгү адамдын көйнөгүн сатып алгыла! Канчага сатканды кааласа ошончо баага сатып алгыла! Кала берсе сураганынан да көп акча бергиле!-деп буйрук берет.

Буйрукту уккан кызматчылар үйгө кирип барышса, жыпжыланыч адам отурат. Ал байкуш адамдын үстунде кийген көйнөгү деле жок экен. Таң калган кызматчылар эмне кы лаарын билбей калышат.

Кызматчылар падыша сарайына барып, екумдарына бул адам жөнүндө айтып беришет. Муну уккан падыша: «Оо Жараткан! Мен ушунча мал-мулкум туруп дагы эле өзүмдү бактысыз сезипмин. Бул кылганым туура эмес турбайбы?..» деп өзүнө бул окуядан чон сабак алган экен.

Мынакей, демек бактылуу болуу оной эле экен. Жүрөгүн тынч, курсагын ток, жашаган жерин жайлуу болсо анда сен эн бактылуу адамсын. Эгер адам колунда болгон нерселердин кадырын билсе, анда адам бактылуу болот тура.

А эгер өзүндү бактысызмын деп сезсең, анда колунда болгондорду карап туруп: «Эгер мына ушулар болбосо мен эмне кылмакмын» деп ойлонушун керек.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Кыска жана күлкүлүү жомоктор43
Акылдуу бала39
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)39
Алия менен жылкы37
Алтын балык36
Акылдуу кыз жомок31
Тамсил: Кемпир жана тоок18
Акылдуу дыйкан16
Ай менен кыз14
Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз13

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *