Бакыт Мамаев — Табылдыга таазим тексти

Көчүрүү (скачать)

Бул дүйнө эмнесинен жакпай калды,
Аткарчу далай иштер актай калды.
Бар туруп арабыздан кеттиң бизден,
Табылды элиң сени, Табылды журтуң сени.
Табылды калкың сени таппай, таппай калды.
Табылды журтуң сени,
Табылды калкың сени таппай, таппай калды.

Элиң деп көзүң нечен алдыргансың
Жашоонун табышмагын жандыргансың
Суусунун шороң менен калптын баасын
Ата журт ардактаган тарыхты салмактаган
Супара Чуңкурчак салдыргансың
Кыргыздын жүзүн ачкан
Супара Чуңкурчак салдыргансың

Талыкпай эмгек кылып кыргызына
Супсунуп учуп кеттиң жылдызыңа
Өлдү деп сени айтуга дитим барбайт
Табылды сен түбөлүк Табылды сен өлбөссүң
Табылды сен жашайсың кыргызыңда
Табылды сен өлбөссүң
Табылды сен жашайсың кыргызыңда

Көңүлүң кыргыз десең күйүп турган
Өмүрүн өзгөлөргө өрнөк кылган
Миң жылда бир келерин сендей жигит
Алысты көрүп турган, пенделик масчылыктан
Бийликтүү азгырыктан бийик, ыйык турган

Табылды жылдыз жанган
Табылды кыйын инсан
Өчпөс жанып турган
Өчпөс күйүп турган

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1616
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти275
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти187
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти121
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти116
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти104
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти69

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.