Баланын акылы

1 чи Like басыңыз.

Адамдар Сулайман падышанын кеменгерлигин, анын жаш баланын да акылын колдоно билгенин азыркыга чейин айтып жүрүшөт. Бул мындайча болуптур:

Илгери бир базарда эки соодагер жанаша иштешчү. Алардын дүкөнүнүн ортосун бир гана тактай тосмо бөлүп турчу. Бири жыпар жыттуу чөптөрдү сатса, экинчиси зыгыр май сатчу. Бир жолу базар жабылар алдында жыпар чөп саткан соодагер тактайдын тешигинен кошунасын шыкаалап, анын алтын динарларды санай баштаганын көрөт.

Тыйындардын канча экенине кызыккан неме кошунасы менен кошо санап, анын жүз алтымыш беш алтын тыйыны бар экенин билет. Анан тыйындарды кызыл бет аарчыга түйүп, нары жакка катканын көрөт да, ач көздүгү кармап, тартып алгысы келет. Ойлоно түшүп, бир куулук башына келгенде сыртка чуркап чыгып кыйкыра баштайт:

— Оо эл-журт тоноп кетишти! Алтын тыйындарымды уурдаттым! Жардамга-а!

Аны уккан базардын кароолдору жетип келип сурашат:

— Эмне болду? Качан уурдаттың? Кимден шек санап жатасың?

— Билбейм… Жүз алтымыш беш алтын динарымды кызыл бет аарчыга түйүп катканымдан кийин мобул май саткан кошунам кирген эле, ошондон соң тыйындарымды таппай калдым.

Кароолдор май саткан соодагердин дүкөнүн тинтип, кызыл бет аарчыны табышып, ага түйүлгөн тыйындарды санаганданда алардын саны туптуура жүз алтымыш беш болот. Жалган жалаага кабылганы аз келгенсип, тыйындарын алдырган май саткан соодагер бул өзүнүн акчасы экенин айтып карганса да эч ким укпай, ошол эле жерден кармалып зынданга салынат. Бул иш боюнча тараптар суралып, изилдөө жүргүзүлсө да, көргөн күбөлөр болбогондон кийин акыйкаттык далилденбейт. Шаар боюнча уу-дуу кеп жүрүп, акыры ал Сулайман падышанын өзүнө угулат. Бирок ал да адилет чечим чыгара албайт. Иш создуга берет. Бир күнү падыша адатынча кембагалдын кийимин кийип, эл аралап чыгып, көчөдө келатып, ойноп жаткан балдардын үнүн угуп, бакка далдаланып тыңшап туруп калат.

— Кел сот, ойнойбуз. Мен сотмун. Сен май саткан соодагерсиң, а сен болсо жыпар чөп сатасың. Экөөңөрдүн чырыңарды мен сотто карайм. Анда сүйлөгүлө! – дейт ортого коюлган отургучта отурган бала.

— Жүз алтымыш беш динар өзүмдүкү болчу, аны мен жайлата май сатып топтогон элем.

— Жок, бул тыйындар меники, аларды кызыл бет аарчыга түйүп катып койгом, анан бул кошунам дүкөнүмө кирип чыккандан кийин эле таппай калгам, — деп жарыша сүйлөйт эки бала.

— Андай болсо мага кайнак суу алып келгиле, анан жанагы кызыл бет аарчыны бергиле, — дейт соттун милдетин аткарып жаткан бала.

— Эмнеге? – деп сурашат түшүнө бербеген берки экөө.

— Кимдин күнөөлүү экенин аныкташ үчүн!

— Кантип?

— Эгер тыйындар чөп саткандыкы болсо, кызыл бет аарчы жыпар жыттуу болот, ал эми динарлар май саткандыкы болсо, кайнак сууга тыйындарды салганымда май калкып чыгат. Анткени жыпар жыттуу чөп сатылган дүкөндө сакталган бет аарчы жыттуу болуп калат, кечке май кармап иштеген соодагердин тыйындары майлуу болот…

Муну укканда падыша жашынган жеринен атып чыгып, баланы кучактап калат. Анан бүт өлкөнүн эли баш катырып жаткан чырдын жандырмагын тапкан баланы кийин кеңешчи кылып алыш үчүн аты-жөнүн, кайда жашарын сурап кайтат.

Ошентип Сулайман падыша эртеси күнү сот отурумун чакырып, кайнак сууга тыйындарды салдырганда май калкып чыгат, кызыл бет аарчыны жытчыл кишилерге жыттатып, ага бир гана зыгыр майдын жыты сиңгенин билип, күнөөлүүнү аныктайт. Ошентип баланын акылын колдонуп, адилеттикти орнотконун элге жарыялаган падыша май саткан соодагерди зындандан чыгарып, ордуна чыныгы күнөөлүнү салдырат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алданган карышкыр жомок237
Таранчы менен түлкү206
Акылдуу дыйкан204
Ырыс алды — ынтымак193
Акыл карачач188
Ууру үкү135
Муз чолпу107
Көмөч нан (колобок) жомок89
Чоң кумурска менен кичинекей кумурска76
Жоогазын60

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.