Датасы: 27.05.2024
Формат: mp3

Сени таштап учуп кетсем куш болуп
Таалайыма ушул тагдыр туш болуп
Таарынбагын өзүң болдуң себепкер
Көңүлүмдүн калганына суз болуп

Кайырма:
Жаным сыздап, ооруп турат жүрөгүм
Жалгыздыктан абдан тажап жүдөдүм
Жакынымдан айрылуу да бат беле
Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм

Көздөрүңдө турган жашың термелип
Көкүрөктө калар балким сыр болуп
Көрө билип көңүлүңдө туя жүр
Кайтып келем сага жакшы ыр болуп

Кайырма.

Жакшы көрүп жаным бирге деп жүрсөм,
Жан дүйнөңдө жасалмалуу жан белең.
Жаман айтып жүрөгүмдү ооруттуң сен,
Кандай жансың жакшылыгым сезбеген.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *