Датасы: 20.10.2020
Формат: mp3

Булакта булбулдун тили бар,
Булакта кыздардын дили бар.
Ар качан агымы күү черткен,
Апакай булуттай сүйүү бар.

Кайырма:
Өмүргө шериктеш булагым,
Өзүңдө балалык курагым.
Ыр тыңшап жаныңа мен келип,
Мына эми кете албай турамын.

Булакта сагыныч-бугу бар,
Булакта күлкүнүн туну бар.
Булакта жүз чайып суу алган,
Буралган кара көз сулуулар.

Кайырма:

Булакта түгөнгүс кайрык бар,
Булакта шашылбас жайык бар.
Булакта пейили кең жигиттей,
Берешен, орошон марттык бар.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *