Кайырма:
Жаз келгенде дайра ташып жаңырып,
Жер жамалы жашылданат, көгөрөт.
Жыгачтардын бүчүрлөрү жарылып,
Жибек канат жалбырактар төрөлөт.
Күн күркүрөйт, чагылгандар чартылдайт,
Карагайлар чатырлантат канатын.
Көз алдымда көк да, жер да жаркылдайт,
Кел ошондо, ырдайм сүйүү санатын.
Сүйүү дебе, карай берем жалдырап,
Себеби бар жалдыроонун сыр каткан.
Жүрөккө окшоп турса дагы жалбырак,
Жүрөк эмес, эки ашыкты ырдаткан,
Эки ашыкты ырдаткан.
Кайырма:
Сүйүү дебе, карай берсе жалооруп,
Себеби бар жалооруунун чынында, чынында.
Жүрсө мейли бир кубанып, миң ооруп,
Өмүр сүргөн күндө жазган ырымда.
Кайырма:
Бегимай Бекбоева — Сүйүү санаты тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 414
жаткан жери жайлуу болсун