Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Жүрөгүмдү жоошутат,
Үзүлбөгөн үмүтүм.
Өткөн күндөр чубалып,
Көз алдымда көрүндү.
Үшүп турат ак сүйүү,
Айлуу түн тузагында.
Тилегимдин үлүшү,
Кеттиби кучгыңа?
Кайырма:
Сагынба,
Жүрөгүмдү ыйлатып.
Сагынба,
Гүл өмүрдү кыйратып.
Сагынба,
Сагынбачы суранам,
Сагынсаң,
Арбыйт менин убарам.
Жан дүйнөмдү жаралап,
Пайдасы жок чалынба.
Махабаттын жалынсыз,
Алоосуна малынба.
Тагдырыңа таарынып,
Талабы жок багынба.
Тар дүйнөнүн кайгысы,
Салса сени жалынга.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *