Сырымды кимге айтамын, кимдер угат?
Жүрөктү ким жылытат калса муздап.
Жалгыздык ээлеп алып жан дүйнөмдү,
Түшүмдү түшүнбөгөн ойлор бузат.
Кайырма:
Тумжураган айлана,
Жардам берчи мага.
Жалгыздыктын кереги,
Кереги жок бир мага.
Көбөйтөр көңүлдөгү кайгыларым,
Көйкөлүп көрүнгөнгө кайрыламын.
Кайрадан кайдыгерлик тиктей салкын,
Качан мен жалгыздыктан айрыламын?
Кайырма:
Бей күнөө үмүтүмдөн умтуламын,
Мүмкүндөй кусалыктан кутуларым.
А бирок колун сунбай бир тирүү жан,
Кайрадан жалгыздыкка тутуламын.
Кайырма:
Кандай сонун ыр Бегимай чиста жүрөгү менен ырдагпн
Кандай сонун жүрөкө жеткен ыр Бегимай чиста жүрөгү менен ырдаган
Бегимайдын номерин кайдан тапсак болот
Сонун ыр , студент кезди эске салды эхххххх
Сонун ыр
Аябай сонун ыр мага жагат сонун ыр маладес кызгыздын суулу кызы
Аябай сонун ыр мага жагат сонун ыр маладес кызгыздын суулу кызы