Бул жомок Брахман менен төрт амалкөй киши жөнүндө.

Жамгыр мезгили башталганда кудайга курмандык чалуу убактысы да келет. Дагы бир брахман апапакай эчки сатып алып алыскы храмга барат да курмандыкка чалып, кудайга жалынмак болду. Анын храмга баратканын төрт амалкөй, төрт ачка киши көрүп калышты. Брахмандын апакай эчкисин алдап алып, сатып жиберип, абдан  тоюнуп алууну чечишти. Ошентип акырын айланып өтүп, бирөө брахмандын алдынан чыкты да  жакын келип сурап калды:

– Кайда баратасың, касиеттүү атаке, жүгүңдү көтөрүп алып?

Брахман сыймыктануу, мактаныч менен жооп берди:

— Кудайга курмандык кылайын деп алыскы храмга шашып бараттым эле.

Амалкөй таң калгансып кыйкырып жиберди:

— Итти да курмандыкка чалмак беле?! Кудайдан коркпойсуңбу, байка, жазалап коюп жүрбөсүн!

– Ээ, досум! Акылың ордундабы, апакай эчким көзүңө ит болуп көрүнүп жатабы? Үйүңө барып дарыгер чакыр, тезирээк.

Анда тиги куу неме акырын жылмайып жооп берди:

– Төрөм, мен көргөнүмдү айттым. Бара бер, кудайым өзү кечирсин, бул кылыгыңды.

Экөө эки жакка кете беришти.

Брахман ичинен дубасын окуп бүтө электе алдынан  экинчи амалкөй чыгып калды. Экөө кезиге сала тиги куу коркуп кеткен түр менен кыйкырып жиберди:

– О, азап, балакет баскан тура! Эмне, өлгөн кара музоону көтөрүп алгансың? Өлүктүн тынчын албай жайына коюш керек деп кудайдын тыюу салганын билбейсиңби? Эми бир жыл бою дуба окуп, тазалансаң да күнөөңдөн арылаар бекенсиң?!

Бу жолу брахмандын жини келип кетти:

– Эмне үчүн, акылсыз, тирүү апакай эчкини өлгөн кара музоо дейсиң?

Тиги куу тынч гана жооп берди:

– Урматтуум, ачууланбагын! Эгер кара музоону ак эчки десең – сен айткандай эле болсун. Бирок өлгөн мал үчүн кудайдын каарынан да корксоң боло…

Бул сөздөргө брахман эч нерсе жооп айткан жок, бирок ойлонуп кете берди. Бир аз өтпөй эле үчүнчү амалкөй алдынан жолукту. Эки колун асманга көтөрө брахманга кайрылды:

– Айтчы, эмнеге кудайдын азабын тартып эшекти жонуңа көтөрүп алгансың?

Муну уккандан кийин брахман ийниндегини жерге түшүрүп, көздөрүн ушалап алды да, кайра көтөрүп жолуна түштү. Эми алдынан төртүнчү амалкөй чыга калып кыйкырык салды:

– Акылынан адашкан немесиң го, эмне жүдөгөн чөөнү храмга көтөрүп баратасың?! Булар кудайдан да коркпой калган тура!

Ушинтип кыйкырып алган куу неме жакынкы бакты аралай кетип калды. Эми брахман чыдай албады. Апакай эчкисин жерге ыргытты да өкүрүп жиберди:

— Бул эчки эмес, кубулма шайтан экен! Улам бир айбан болуп өзгөрөт тура!

Эчкини таштай салып, корккон боюнча үйүнө шашты. Эчки жолдо көп турган жок. Төрт амалкөй аны тез эле сатып жиберип, көптөн бери биринчи жолу каалаганча тамакка тоюнушту.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок52
Акылдуу балдар30
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *