Датасы: 19.10.2022
Формат: mp3

Эркелечи эркем менин эркеледиң
Эмне болду шашылдың не эртеледиң
Эртең кайтып келбээриңди билсең дагы
Эшигимди ачык таштап кете бердиң

Кайырма:

Жүрөгүмдө махабаттын деңизи бар
Деңизимде дал өзүңдөй эгизиң бар
Ал элесиң түбөлүккө мени менен
Ошундуктан бул жашоомдун деңизи бар

Кетпегенде олтурмаксың канатыма
Бармак элек сезимдердин жаннатына
Таза аруу сүйүүнү айтып жүрүп
Сен акыры жан дүйнөмдү канаттың аа

Күлкүчүмсүң күлүп койчу күлүп жүрчү
Талкаладың сүйүүбүздү сен ким үчүн
Ай жүзүндөн бакыт нуру жанып турчу
Кымбаттыгын ал күндөрдүн эми түшүн

Один комментарий к “Бек Борбиев — Деңизим бар тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *