Жаңырганда жаштык ырлары,
Тыз дей түшөт жүрөк кылдары.
Обон созуп канча таңды атырдык,
Ошол сексенинчи жылдары.
Окуялар ошол кездеги,
Жапжаш элек, курбум, эстеби?
Кечээги күндөй көз алдымда тартылат,
Фрунзенин салкын кечтери.
Араласам эски бульварды,
Бур дей түшөт жаштык ыргагы.
Бир кайрылып кайтса гана, аттигиң,
Бала кездин таттуу жыргалы.
Аруу, бийик, таза, бүт баары,
Ыйык эле сүйүү гүлбагы.
Биздин күндөр өткөн жакшы жомоктой,
Ошол сексенинчи жылдары.
Бек Борбиев — 80 чи жылдары тексти
Датасы: 26.11.2020 Көрүүлөр: 17693