Кандай сонун жайлоо жытын ах
Гүлдөн килем төшөп койгондой
Болобу дейм ушул мүнөттү жүрөккө бек сактап
Бул жомоктон койсок ойгонбой

Кайырма :

Бирөөбүз карындаш бирөөбүз агатай
Жанымда жүргөнүң жөн эле жагат ай
Бир эле жылмаюң токтотот мезгилди
Мемирейт айлана жай аккан дайрадай

Кандай сонун тоолор өзөндөр
Бул экөөбүзгө жаралган дүйнө
Бул түш эмес бул бакыт нурду тартуулаган белегин
Кантип кылбайм таазим сүйүүгө

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *