Датасы: 26.11.2020
Формат: mp3

Байке дечи, аке дечи,
Ал сөзүңдү сагындым, бачым келчи.
Бүгүн келчи, азыр келчи,
Бүркөк асман дүйнөмдү, эй, ачып берчи.

Агай дечи, ага дечи,
Жаз күнүндөй жадырап, жайнап келчи.
Жалгыз келчи, өзүң келчи,
Азоо-улоо санаамды, эй, байлап берчи.

Байке дечи, аке дечи,
Ак куу болуп мен күткөн көлгө келчи.
Учуп келчи, сүзүп келчи,
Уйку качкан түнүңдү, эй, мага берчи.
Күмүш-алтын торуңдан,
Алтын-күмүш торуңдан качып келчи.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *