Кирпигиңе кирпик кошпо, кереги не?
Табигаттан сулуулукту берген болсо
Эриниңди боеп койдуң, себеби не?
Шириндигиң сүйүктүңө билген болсо.
Кайырма:
Боенбой кел, боенбой
Сулууланып коендой.
Ырдаласың жүрөктөн
Жаңы чыккан обондой.
Ошондой жаным, ошондой
Ырдашабыз озондой
Боегу жок чындык өзү ошондой.
Атырыңды себинбечи, кереги жок
Сагындым го мен өзүңдү, жыпарыңды.
Бар нукура сулуулугуң, куюп койчу
Анан кара, кантип сени жутаарымды.
Кайырма:
Бек Борбиев — Боенбой кел тексти
Датасы: 26.11.2020 Көрүүлөр: 7848