Бек Борбиев — Бугун болдум кайната тексти

Көчүрүү (скачать)

Жар салгыла бүт өрөөнгө аймакка

Келин алдым бугун болдум кайната

Жубайым ай сен да болдуң кайнене

Кел эми жай дасторконуң жайната

Баккам сени нанды туурап каймакка

Буламыкка балды салып кайната

Кечээ эле атаң болчум жөн эле

Мына эми сен кылдың мени кайната

Бугун болдум кайната

Кайырма:

Бүтүп жылдар айлар да

Бир парзымдан кутулдум

Эми эс алам жайлата

Эми мен да кайната

Жар салгыла аймакка

Кымыз ичем кыр кырда

Кырк жылкыны байлата

Канча сени чоң жигитсиң дебейин

Бөбөктайдай көрүп кетемин кетейин

Алган жарың болсун экен ак жолтой

Бактылуу бол мен садагаң кетейин

Бугун болдум кайната

Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1603
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти304
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти189
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти110
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти93
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти74
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти72
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.