Датасы: 28.06.2024
Формат: mp3

Күнүм болуп асманда

Сен ар дайым күлүп жүр

Канча аралык ортодо болсо да

Сүйөөрүмдү билип жүр

Жалыгз ырым болсо да дүйнөдө

Ырдаганым сен болмок

Ал ыр кезип ааламды ширигим

Миң дастанга тең болмок

Кайырма

Сен мага керексиң

Тагдырыма белексиң

Тоо кырында гүлгө окшош махабатым

Бактыма себепсиң

Азоо жаштык азгырат шириним

Аптабыңа бой бербе

Агымы күч дайрадай анын

Ишенчимди кой бербе

Жоготуп мен албайын шириним

Көздөрүңө бекем бол

Жок издетип албайын жаным

Сөздөрүңө бекем бол

Кайырма

Бек Борбиев — Сен мага керексиң тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *