Датасы: 03.12.2024
Формат: mp3

Сөзү / Обону: Бек Борбиев

Учтум сени көккө көтөрүп
Канаттарым талып калганча
Сени карап сүйгөн көздөрдөн
Ызалыктын жашы тамганча
Өкүнүчтүн жашы тамганча

Жан дүйнөмө кирбейсиң
Аруулаймын кирдейсиң
Бакыт колдо сен эмнени эңсейсиң
Махабаттын баркы жок
Ишеничтин наркы жок
Мен түшүндүм, сен сүйгөндү билбейсиң
Сен билбейсиң
Оо жаным кош эми
Ортобуз бош эми
Сен көнгөн шамалга
Бетиңди тос эми

Алып учтум сени асманга
Махабатка толуп кучагым
Зоодон ылдый кулаттың неге
Билбейм эми качан учамын
Сынды эрким качан учамын

Жан дүйнөмө кирбейсиң
Аруулаймын кир дейсиң
Бакыт колдо сен эмнени эңсейсиң
Махабаттын баркы жок
Ишеничтин наркы жок
Мен түшүндүм, сен сүйгөндү билбейсиң
Сен билбейсиң
Оо жаным кош эми
Ортобуз бош эми
Сен көнгөн шамалга
Бетиңди тос эми
Мен жалгыз олтурам
Жаңы ак жол курам
Көөдөндү бошогон
Мен кайра толтурам

Дистрибуция: GMS Music

Один комментарий к “Бек Борбиев — Сен сүйгөндү билбейсиң (ЖАҢЫ ЫР 2025) тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *